Connect with us

Токаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтө турганын жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 596 | 0

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 1-сентябрда парламентте калкка кайрылуу жасады. Анда ал мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтө турганын жарыялады.

Токаев, баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөрүүлөр жылдын аягына чейин жыйынтыкталып, ага ылайык мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо да өткөрүлүшү шарт, — деп билдирди.

Казак президенти муну адилеттүү өлкө түзүү үчүн зарыл деп эсептеп, президенттик шайлоого өзү да катышарын айтты.

Казакстан жаңы кабыл алууну көздөп жаткан баш мыйзамга ылайык, президент бир гана жолу 7 жылга шайлана алат.

Мындан тышкары, Токаев январь айындагы башаламандыктарга катышкандар үчүн амнистия жарыялады. Бирок бул мунапыс мамлекетке чыккынчылык, терроризм жана экинчи ирет кылмыш кылгандарга карата колдонулбайт.

Супер президенттиктен баш тартуу, күчтүү парламенттик башкарууга өтүү. Токаевдин элге кайрылуусу

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM