Connect with us

Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды

Кыска кабар | 1 Сен 2022 | 2986 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы ыйгарылды. Тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясы кабарлады.

Расмий маалыматта Камчыбек Ташиевге бул наам жана «Ак Шумкар» ордени Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн берилгени айтылган.

Кыргыз Республикасынын Баатыры — мамлекеттик эң жогорку наам. Ал 1996-жылы 16-апрелде кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө» мыйзамынын негизинде түзүлгөн. Ага ылайык наам ыйгаруу жобосу иштелип чыккан.

Анда: «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы өзгөчөлүк наамы менен мамлекет жана эл алдында өзгөчө эмгек сиңирген, Кыргыз Республикасынын эркиндигин жана эгемендигин сактоого баатырдык, эрдик кылган жарандар сыйланат. «Кыргыз Республикасынын Баатыры» жогорку даражадагы наамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бир жолу гана ыйгарылат. Жогорку даражадагы наамга татыган адамга «Ак-Шумкар» ордени берилет», — деп айтылат.

Маркум кинорежиссёр Болот Шамшиев Кыргыз Республикасынын Баатыры болду

Copyright © 2017 Maral FM