Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгеси менен сот корпусу 454 миң сом чогултуп, Орусиянын Ульяновск облусунда каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка карганда, жол кырсыгынан каза болгон үй-бүлөлөрдүн арасында томолой жана жарым жетим калган сегиз үй-бүлөнүн балдарына жардам көрсөтүлгөн.
30-августта Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы соттордун төрагалары жана судьялар каза болгон мекендештердин үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамды тапшырып, көңүл айтып келишкен.
Эске салсак, 21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан жалпы 16 адам каза болду. Алардын ичинен 14ү Кыргызстандын жараны болгон. Мындан сырткары Кыргызстандын 3 жараны учурда ооруканада даарыланууда.