Connect with us

30-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 29 Авг 2022 | 290 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 30-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +26…+31,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,

Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM