Коңшу Өзбекстан 2022-жылдын январь-июль айларында жалпы көлөмү 98 миң тонна, баасы 26,6 млн AКШ долларына тең болгон коон-дарбызды экспортко чыгарган. Бул тууралуу Өзбекстандын статистика комитети маалымдаган.
Статистика комитетинин маалыматына караганда, коон жана дарбыз экспорту өткөн жылдагы жарым жылдыкка салыштырмалуу 44,5 миң тоннага көп.
2022-жылдын 7 айында Өзбекстан эң көп төмөнкү өлкөлөргө коон жана дарбыз экспорттогон:
- Казакстан– 47 миң тонна;
- Орусия – 23,4 миң тонна;
- Кыргызстан – 14,4 миң тонна;
- Тажикстан– 9,3 миң тонна;
- Беларусь – 1,9 миң тонна.
Ал эми коон жана дарбызды эң көп экспорт кылган аймактардын сап башында Тошкент облусу – 23,4 миң тонна; Фергана облусу – 12,8 миң тонна; Андижан облусу – 11,4 миң тонна.