Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну 8-августта таенесине таарынып үйдѳн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.
10-август түнкү саат 00:30дар чамасында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан табышкан. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.
Андан соң Чолпон-Ата шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторуна өткөрүп беришкен.