Биз менен байланышыңыз

Изделип жаткан 17 жаштагы өспүрүм Ысык-Көлдөн табылды

Кыска кабар | 12 Авг 2022 | 963 | 0

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун 17 жаштагы тургуну 8-августта таенесине таарынып үйдѳн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

10-август түнкү саат 00:30дар чамасында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери өспүрүм кызды Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу жайынан табышкан. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы билдирди.

Андан соң Чолпон-Ата шаарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторуна өткөрүп беришкен.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM