Биз менен байланышыңыз

Бишкек менен Чүйдө жакынкы бир саатта катуу шамал болот

Кыска кабар | 2 Авг 2022 | 597 | 0

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат.

Кырсык катталган учурда «112» кыска номерине чалуу керек, байланыш акысыз жана күнү-түнү иштейт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM