Бүгүн, 22-июлда күндүзгү саат төрттөн өтүп Бишкектеги 8-кичирайондо жайгашкан тез тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине маалымдалган.
Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 16:54тө чектөөгө алынып, саат 19:11де толук өчүрүлдү.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.