«Акылбек Усенбекович башында турган Министрлер кабинети жыл башынан бери экономикада чечкиндүү кадамдарга барып, туура нукта баратат». Мындай пикирин президент Садыр Жапаров 14-июлда өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анда 2022-жылдын биринчи жарымында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө Министрлер кабинетинин отчёту угулууда.
«Биринчи – өлкөнүн ички дүң продукциясындагы өсүштү айткым келет. Экономикада ИДПнын өсүшү маанилүү көрсөткүч. Дүйнө экономикасы ички дүң продукциянын көлөмүнүн өсүшү менен аныкталат. ИДПнын көлөмүнүн көп болушу түздөн-түз экономиканын өсүшүн шарттайт. Азыр мына 6 айдын жыйынтыгы менен жакшы көрсөткүчкө чыктык. Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала берген маалыматы боюнча, өлкөнүн ички дүң продукциясы 6,3 пайыз өсүштү түздү. ИДПнын номиналдык көлөмү 6 айда 335 млрд сом болду, бул пандемияга чейинки 2019-жылга караганда 89,7 млрд сомго көп. Дүйнөлүк пандемиянын, климаттык өзгөрүүнүн, Чыгыш Европадагы кырдаалдын кесепеттерине карабастан, биз ушундай жетишкендиктерге жетип жатабыз.Муну баса белгилеп айтышыбыз керек» , — деди Садыр Жапаров.