Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги №5 мектептин мугалимдери директоруна нааразы

Иллюстрациялык сурот

Директорунун ишине нааразы болгон А. Молдокулов атындагы Кыргыз улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин айрым мугалимдери мыйзам бузуулар болуп жатканын айтышып, тиешелүү органдарга арыз жазышкан. Алардан так жооп болбой, майнап чыкпай жатканынан улам биздин редакцияга кайрылышкан. Биз иштин чоо-жайын тактап, тиешелүү тараптардан жооп алууга аракет кылдык.

Үстүбүздөгү жылдын март айында 24 мугалимдин колу коюлган арыз Башкы прокуратурага жана Билим берүү жана илим министрлигине берилген.

Мектеп кызматкерлеринин колу менен Башкы прокуратура жана башка органдарга берилген арыз

Аталган мектептин мугалими Турар Укеев директору мыйзамсыз аракеттерге барып, чындык жашырылып жатканын айтып берди. Айталы, директор Мурат Касымалиев төрт жыл мурун бир окуучунун аттестаттагы жети баасын оңдогон. Укеев далил катары окуучунун аттестатын жана жыл жыйынтык бааларынын көчүрмөсүн көрсөттү.

Мындан сырткары мугалимдерге багытталган дем берүүчү гранттар даректүү сарпталбай жатканын кошумчалады.

«2020-жылы дем берүүчү гранттын 20%ы жок болуп кеткен. Директорубуз: «10%ын даараткананы оңдогонго жумшадым», — деп айткан. Ошондо ар бир мугалим 2500 сомдон эле алып калган. Мындан сырткары айлык убагында берилбейт».

Турар Укеев 2019-жылы мектеп жетекчилиги менен оозеки келишим түзүп, бир класстык бөлмөнү оңдоп берген. Бирок директор сүйлөшүлгөн акысын бербей койгон.

Мектептин мурдагы улук тарбиячысы  Назгүл Бекматова аны директор мыйзамсыз кызматтан алып койгонун, эмгек укуктары тебеленгенин айтып берди.

«Мен кош бойлуумун. Ошого да карабай, мыйзамсыз жумуштан бошотуп коюшту. Бул маселе боюнча Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунуна кайрылгам. Алар да мыйзамсыз экенин тастыктап беришти. Аталган орган: «Н. Бекматованы мектептин администрациясы №53 буйругу менен КР ЭК 88-беренесинин 3-пунктуна ылайык кызматтан туура эмес бошоткон. Бул учур жогорудагы беренеге туура келбейт. Себеби ар бир окуу жылынын башында мектеп жеке штаттык бирдиктерин өздөрү эле бекитип алып турган, ошол штаттык бирдик менен 1-апрель 2022-жылга чейин бошогон кызматкерлер мыйзамдуу эле иштеп келишкен. Мектеп администрациясы: «КРӨ №336 токтомуна туура келтирүү үчүн ашыкча штаттар кыскартылды», — деп жооп берген, бирок ал штаттык кыскартуу болбой, негизсиз берене менен бошотулуп, кызматкерлердин эмгек укуктары бузулган. Ошондуктан бошотулган буйрук жокко чыгарылып, кызматкерлерди КР ЭК 82-беренесинин 2-пунктуна ылайык штаттык кыскартуу эрежеси менен бошотуу мыйзамдуу болорун эскертет», — деген корутунду чыгарган. Азыр менин ордумда башка улук тарбиячы иштеп жатыптыр».

Мектептин башкы ашпозу Аида Оморова дем берүүчү грантты буга чейин аз алып жатканын, ал эми Билим берүү жана илим министрлигинен комиссия текшергенден кийин көбүрөөк акча алып калганына токтолду.

«Мен дем берүүчү гранттын негизинде 880-900 сом эле алчумун. Бирок министрликтен текшерүү келип, аудит жүргүзүлгөндөн кийин 4 миң 300 сом алып калдым. Буга чейин деле ушундай көлөмдөгү сумманы алмакмын, бирок дайыма үч айда бир 900 сомго жетпеген акча алып жүргөм. Аябай таң калдым. Көрсө, мектептин эсептик бөлүмү тарабынан бузуулар болуп жаткан экен. Текшерүүгө келген комиссиялардын баары көз жумуп кетип жатышты. Биз болсо чырылдап эле калып калчубуз. Директорубузга барып даттансак: «Башкы эсепчибиз Айгүл аябай жакшы иштейт, өзүнүн ишин так аткарат», — деп мактап биздин жөнөтүп ийчү. Пандемия убагында дем берүүчү грант алган эмеспиз. «Силерге грант алганга болбойт, акча бөлүнгөн эмес»,- деп айтышкан. Бирок кийин сураштырсак, акча бөлүнгөн экен, бирок биздин колубузга тийбептир. «Директорубуз Касымалиев менен эсепчи Кармышева мугалимдердин акчаларын жей берсе болобу? Буларга мыйзам чегинде чара көрүлбөйбү? Бардык нерсени тааныш-билиш аркылуу жаап берсе болобу?» — деген суроо туулуп жатат. «Коррупцияны токтотобуз, ага жол бербейбиз» деп дайыма айтабыз, бирок коррупцияны өйдө жактагылар акырындап бири-бирин жаап-жашырып, акча берип кутулуп кетип жатышпайбы. Акыйкат чечим чыгып, маселебиз чечилип берсе жакшы болмок».

Башталгыч класстардын мугалими Мээрим Узакматова мектептин директору өз тегерегине тажрыйбасыз кадрларды чогултуп, көп иштерди өзүм билемдикке салып чечип жатканын айтат. Мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнүнө байланыштуу жобо менен таанышпай, нааразычылыкка карабай сабактардын сааттарын кыскартканын кошумчалады.

«Окуу жылдын башында берилген сааттар жылдын аягына чейин сакталсын», — деп жободо көрсөтүлүп турат. Министрликтин жобосуна баш ийбестен мугалимдердин сааттарын тартып алды. Мен министрликке кайрылып жатып, өзүмдүн сааттарымды сактап калдым, бирок бул иштин артынан чуркай албагандар сааттарын алдырып жиберишти.

Мындан сырткары директор: «Мен жаңы кадрларды конкурстун негизинде тандап жумушка кабыл алам», — деп айтат. Бирок эч кандай конкурстук негизде эмес, тааныш-билиштерине жумуш берип жатат. Жалаң иштин көзүн билбеген, ишти алдыга жылдырбаган адамдардын баарын тегерегине топтоп алды. Мугалимдерди кандай критерийлер менен алып жатканын билбейм, бирок окуучуларга кандай сабак берип жатканын өзү түшүнбөгөн, эптеп эле компьютер билсе болду деген адистерди алып жатат. Азыр компьютер, телефонду кичинекей бала деле укмуш өздөштүрүп калбадыбы. Шаардын мектептерине караганда билим сапатыбыз төмөндөп кетти. Республикалык олимпиадаларда, башка сынактарда окуучуларыбыз алдыңкы орундарды ээлебей калышты».

Ал эми мектеп директорунун ишмердүүлүгүн колдогон мугалимдер да жок эмес. Башталгыч класстардын мугалими Гүлнара Абыкова 46 мугалимдин колу менен мектеп башчысы алгылыктуу иштерди аткарып жатканы боюнча кайрылуу жасашты. Анда директор окуучулар жана мектеп кызматкерлери үчүн жакшы шарттарды түзүп жатканы айтылат.

«Биздин директор тажрыйбалуу, иштин көзүн билген адис. Ал келери менен мектепте бир топ иштер алдыга жылды: 2021-2022-окуу жылдарында эскирген компьютерлердин бардыгы жаңыланган, жогорку ылдамдыктагы интернет туташтырылды, 2019-2020 окуу жылынан баштап мектеп ичиндеги окуу процессине мониторинг жүгүзүүү үчүн видео-көзөмөлдөө ишке киргизилген, Былтыркы окуу жылында “Электрондук мектеп” информациялык системасы (ЯКЛАСС) окуу процессине толугу менен пайдаланып билим сапатын жогорулатууда жана окуучуларды ѳз алдынча иштөөгө үйрөтүүдө зор салымын кошуп жатат жана кыргыз тилинде 63 окуу электрондук китептери ЯКЛАСС информациялык системасына киргизилген. Ушундай билимдүү , уюштургуч , эли жана окуучулар үчүн жан дили менен иштеген жетекчибиз Муратбек Касымалиевдин эмгеги зор экендигин баса белгилейбиз», — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкаркы  жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова аталган мектептин мурунку улук тарбиячысы Назгүл Бекматованын арызы Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматы тарабынан текшерилип, маселени сот аркылуу чечүү сунушу берилгенин айтты.

«Улук тарбиячы Назгүл Бекматова быйыл 31-мартта №53 буйруктун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Себеби буга чейин аталган мектептин штаты бар болчу, ал Улуттук инновациялык мектеп статусун алгандан кийин өкмөттүн токтому менен айрым штаттык бирдиктер кыскартылган. Ошого байланыштуу Бекматова кызматтан бошотулган. Муну менен катар ага кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим катары иштөөгө сунуш берилген. Бирок Бекматова баш тарткан. Эгер кааласа август айында мектепке барып арыз жазып, мугалим катары иштөөгө укугу бар. Ал эми Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик кошуунун чечими боюнча биздин министрликтен атайын комиссия барып текшерген, корутунду чыгарган. Эгер канааттанбаса, сотко кайрылса болот».

Ал эми ал төрт жыл мурун мектептин директору окуучунун аттестатындагы бааларын өзгөртүп бергени боюнча комиссия текшергенин, чогулган материалдар Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгына жиберилип, текшерүүнүн жыйынтыгы менен мектеп жетекчисине кылмыш ишин козгоодон баш тартылганын кошумчалады Сыдыкназарова.

Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору Абдырашит Жаманкеев дем берүүчү гранттардын сарпталышын жана мугалимдердин айлыгы убагында берилбей жатканын мындай түшундүрдү:

«Дем берүүчү гранттын жумшалышын мектеп тарабынан түзүлгөн атайын комиссия текшерип, каражатты кызматкердин даражасына, тажрыйбасына жараша бөлүштүрөт. 2020-жылы гранттын 20%ынын 10%ын даараткананы оңдогонго бөлүп бергени чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн эмес. Ал эми айлыктын кечиктирилип берилиши боюнча айтсак, бул — республикалык бюджеттен бериле турган каражат. Биз муну да текшердик, дайыма убагында берилет экен. Айлык ар бир кызматкердин банктык картасына түшүп турат. Текшерүүнү жыйынтыгы боюнча ушул сыяктуу финансылык маселелерде эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган жок».

Мектеп кызматкерлеринин арыз, даттануулары боюнча иш алып барган прокурор Нүргүл Сулайманова ар бир кызматкер суралып, текшерүү жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Текшерүүнүн жыйынтыгы чыккан. Документ арыз берүүчүнүн электрондук почтасына жана көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлгөн. Эгер жетпей калса, анда бизге келип жыйынтыктын көчүрмөсүн тоскоолдуксуз ала алат. Баса белгилей кетчү нерсе, арызга кол койгон 24 мугалимдин 18и документти карабай эле кол коюшкан экен, ал эми кээ бирлерин Турар Укеев (даттануучу) кол коюп берүүнү мугалимдердин сабак учурунда кирип өзү суранган экен. Ошондуктан алар ушул боюнча да бизге кайра «дооматым жок» деген арыз жазып беришкен», — деди Сулайманова.

Ал эми Укеев жана башка кызматкерлер арыз менен таанышып кол коюшканын, арыздын эки барагы тең бири-бирине камтылып, баары окуп көрүшкөнүн билдиришти.

Мугалимдер прокурор Нүргүл Сулайманова тарабынан текшерүү учурунда коркутуулар болгонуна токтолушту.

«Сулайманова келип ар бир мугалим менен жекече сүйлөшүп: «Арызды өзүңөр жаздыңарбы же бирөө жаздырттыбы? Соттолуп кетишиңер мүмкүн», — деп коркуткан. Биздин (кызматкерлердин) укуктарыбызды коргобой, тескерисинче, кордоп, одоно мамиле кылып, коркутуп-үркүтүп кеткен. Аябай түшүнүксүз болуп калды. Арыз жазгандар биз болсок, анан бизди эле келип басмырлап коркутса болбойт да. Эмне деген мамиле бул?» — дешти алар.

Прокурор Нүргүл Сулайманова коркутуулар болбогонун айтып, аталган дооматтарды четке какты.

Сөз болуп жаткан мектептин директору Мурат Касымалиевден да бул маселе боюнча жооп алдык. Ал нааразычылыктар жана дооматтар боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди:

«Биринчиден, мен төрт жыл мурун окуучунун аттестаттагы бааларын оңдогон эмесмин. Бул окуучу 2018-жылы окууну бүткөн. Мен кызматка 2017-жылы келип жатсам, логикага сыйбаган нерсе болуп жатпайбы. Анан бул маселени көтөрүп чыккан адам ошол убакта эле айтпайт беле, эмнеге төрт жылдан кийин айтып жатат? Бул — карандай ушак.

Сүрөттөгү өзгөртүлгөн баалар боюнча айтсам, аттестаттарды берүү китеби жана кадимки журнал бар. Анда баалар бирдей турат. Мени жөн гана каралап жатышат. Мектепте ар бир беш жыл сайын директорлорго тийише берген мугалимдердин тобу бар. Алардын аты-жөндөрү арызда жок. Алар үстүнөн башкарып жатат. Мени себепсиз каралап жатат деп ойлойм», — деди Касымалиев.

Мектеп директорунун окуучунун аттестатындагы бааларды оңдоп бериши боюнча иш Свердлов РИИБине өткөрүлгөн. Алардан жооп алуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу документти мектеп кызматкерлери ала электигин баса белгилешип, электрондук почта жана арызда көрсөтүлгөн дарекке келбегенин айтышууда.

Мектептин мугалими, арыз берүүчүлөрдүн бири Турар Укеев шаардык прокуратурага бир нече жолу барганын, бирок так жооп жана текшерүүнүн жыйынтыгын ала албаганын билдирди.

Прокуратурадан: «Текшерүүнүн жыйынтыгы 20-июнда арыз берүүчүлөргө жөнөтүлдү», — деди.

Кызыгы, 6-июлда Турар Укеевдин колуна «Текшерүүнүн жыйынтыгы 18-июлга чейин узартылды» деген документ тийген.

Мектептин педагогикалык жамаатынын демилгечи тобу эгер тиешелүү органдардан оң, майнаптуу чечим чыкпаса, анда президентке чейин барышарын билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM