Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 11-июлда түнкүсүн кээ бир аймактарда жаан-чачын күтүлүп, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +29…+34,
Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +23…+28,
Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+31 градус болот.