Бүгүн, 30-июнда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу 29-июнда парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген.
Бүгүн депутаттар VII чакырылыштагы биринчи сессиясынын жыйынтыктоочу жыйынын өткөрүшөт.
Айрым маалымат булактары сессиядан кийин саат 20:00дө депутаттар үчүн кечки тамактануу уюштуруларын жазышты.
Бирок иш-чара кайсы жерде өтөөрү ачыкталган жок.
Өткөн жылы парламенттин депутаттары акыркы сессиядан кийин Rixos Hall залында «майрамдашкан».