Биз менен байланышыңыз

Парламент комитети Евразия фондунан насыя алууну колдоп берди

Кыска кабар | 27 Июн 2022 | 679 | 0

Бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция комитети «COVID-19 алып келген кесепеттерди жоюу максатында Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 160 млн доллар насыя бөлүү жөнүндө» Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду менен Министрлер кабинети кол койгон келишимди карап, жактырды.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, келишимдин негизинде фонд насыянын 80 млн долларын 2022-жылы, 80 млн долларын 2023-жылы бөлөт.

Насыя бюджетти колдоого, экономика, айыл чарба, өнөр жай, энергетика сыяктуу тармактарды көтөрүүгө жумшалат. Ал 20 жылга берилип, 10 жылында 1% өлчөмдөгү жеңилдик менен төлөнөт.

Айта кетсек, аталган келишимге ушул жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган. Аны ратификациядан өткөртүү үчүн Министрлер кабинети 8-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетине кийирген.

Copyright © 2017 Maral FM