2022-жылдын январь-апрель айларында орточо айлык акы 22 084 сомду түздү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 16,8%га көп.
Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Быйыл январь-апрель айларында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо эмгек акынын өсүшү экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган.