Connect with us

Жер астындагы жолдор аткезчиликтин жаңы ыкмасы

Саясат | 14 Июн 2022 | 907 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин берген маалыматы боюнча Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен кезектеги туннель табылды. Буга чейин дал ушул Кара-Суу районунан Кыргызстанды Өзбекстан менен жер асты аркылуу байланыштырган эки туннель табылган. Кылмышка шектүүлөрдүн айтымында, жер астынан өтүүчү жол менен күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана чет элдик валюта мыйзамсыз өтүп турган. Жер астынан өтүүчү жол жалгыз гана экономикалык муктаждыктан курулганбы же башка дагы максаттарга колдонулушу мүмкүнбү? Эки өлкөнү байланыштырган жер асты жолдор өлкөнүн коопсуздугуна кандай таасир этет? Темага алдыда кененирээк жооп издейбиз.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, ушул жылдын 11-июнунда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы үйлөрдүн биринен кезектеги туннель табылды. Тинтүү учурунда үйдүн ээси Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ал 2021-жылдын сентябрь айында өзбекстандык таанышы менен күнүмдүк керектелүүчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргызстандан Өзбекстанга туннель казышканын айткан.

Атайын кызмат билдиргендей, бул туннелдин тереңдиги 13 метр, туннелге кире бериш жери 1,7 метр, туурасы 70 сантиметрге жакын. Кире бериштен Өзбекстанга чейинки аралыгы 170 метрди түзөт.

Кара-Сууда ушуну менен эки өлкөнү байланыштырган үчүнчү жер астындагы өтмөк табылды. Буга чейин 4-июнда ушул эле райондо тереңдиги 17,5 метр, узундугу 155 метр туннель табылган.

Ал эми 20-майда Кара-Суу районундагы Телман айылынын тургунунун үйүндө коңшу өлкө менен байланыштырган экинчи жашыруун жол аныкталган. Анын тереңдиги 15 метр, кире бериши 1,8 туурасы 1,5 метрге жакын экени айтылган. Кире бериштен чек ара сызыгына чейин 40 метр, жалпы узундугу 270 метрди түзгөн. УКМК тараткан видеодо туннелдин ичинен суюктук өтүүчү шланг, электр зымдары жана каптар табылган. Атайын кызматтын басма сөз бөлүмү билдиргендей, бул иштер боюнча учурда тергөө жүрүп жатат.

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбековдун айтымында, учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара кыргыз-тажик чек арасына салыштырмалуу жөнөкөй жана эки өлкөнүн бир-бирине жасаган мамилеси ишенимдүү.

Анын пикиринде, мындай туннелдер кыргыз-өзбек чек ара мамилелери боюнча бир катар талаш-тартыш болуп, чек арадан өтүү татаал жана мамилелер кооптуу болуп турган учурда жасалышы мүмкүн.

Ал эки өлкөнү байланыштырган жер астындагы жолдор бир канча максатта пайдаланышы мүмкүн экенин айтып, буларга токтолду:

«Бул жерде негизги принцип контрабандалык жол. Экинчиси, кишилерди жасалма паспорттору менен ары-бери алып өтүү. Ошондой эле тууган-туушкандарына оңой жол менен каттоо. Керек болсо эки өлкөдөгү кылмышкерлерди, бул жактан ал жакка, ал жактагыларды бул жакка качырып жиберүү. Туннелди колдоонуунун жолу өтө эле көп. Эң негизгиси, ошол туннелдерден жеке жарандардын өздөрүнчө пост жасап, андан акча жасоо максаты. Кыргызстандан кирген жаран Өзбекстандан чыгат, эки үй ээси сүйлөшүп алып, жарандарды өткөрүү менен акча табат. Бул жердеги негизги нерсе — экономикалык кызыкчылык».

Саясатчы Бектур Асанов жер астындагы жолдор аткезчилик максатта колдонулган деген ойдо. Анын айтымында, террордук уюмдарга байланыштыруунун кереги жок, себеби Өзбекстанда террордук уюмдар катуу көзөмөлгө алынат.

«Таза аткезчилик жөнүндө гана сөз кылуу керек бул жерде. Себеби жердин үстү менен да, асты менен да аткез болуп жатат. Жер үстүнөн аткезчилик кылуу бир топ оор болгондуктан, акча берсе да колго түшүп калуу тобокелчиликтери бар. Ошондуктан жер алды менен алып өтүүдө эч кандай коркунучтар жок. Террористер боюнча айта турган болсок, мурдагы бийликтин тушунда террористтер деп өзгөчө «дүң» кыла беришчү. Биз да түрмөдө отуруп чыктык, алар менен катар отурдук, алардын 90%ын террорчу деп айтпаса да болот. Отчёт берүү үчүн, сырттан гранттарды алуу үчүн ушундай саясат жүрөт. Алардын 10-15%ын гана террорист деп айтсак болот, кичине акылынан адашкандарды. Ошондуктан жер астындагы өтмөктөр аркылуу уюшкан кылмыштуу иштер жүрдү деп кооптонууга негиз жок. Товарларды Өзбекстанга киргизүү аябай кымбат, мисалга ала турган болсок, 100%га чейин нарк салык төлөшөт. Өзбекстан ЖККУга, ЕАЭБге кирбеген мамлекет, ошондуктан ички өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында өлкөгө товар алып кирүүгө 200%га чейин нарк салыгын койгон учурлар бар. Эң эле жөнөкөй сууну алып кирүү үчүн анын үстүнө дагы ошончо акча төлөө керек. Ошондуктан туннелдерден жүк алып өтүү өтө пайдалуу, 100% пайда калат. Ошондуктан бул жерде экономикалык киреше абдан чоң».

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри, мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов аткезчиликтин үч этабы болгонун айтат. Биринчи этабында жалаң унаалар менен ташылып келсе, кийин суу жок жерлерде ат менен, чоң суу бар жерлерде тросс тартып, ал аркылуу жүк ташылып, кийин укук коргоо органдары токтотуп, кайрадан унаалар менен ташууга өтүшкөн. Кийин пандемия башталып кетип, унаалар да токтогондо туннелдерди казууга өтүшкөнүн айтат. Бул аткезчилик менен жүк ташуунун жаңы методу болуп эсептелген, бирок эми алар башка жол менен ташууга өтүшү мүмкүн.

Ошондой эле Мамытов эрең-бүрсүгүнү мындай жер асты жолдор Кара-Суу шаарында дагы бир нече үйдөн табылышы мүмкүн экенин айтып, мындайча түшүндүрдү.

«Жүктүн баары коңшу мамлекеттерден Оштун Кара-Суусуна келет. Кытайдан келген жүктүн баары Ош, Кара-Суунун тегерегинде жайгашкан кампаларда сакталат. Ошол жерде эки өлкөнүн чек арасы да аябай жакын. Ошондой эле ал жерден 300-400 метр туннель казып өтүп коюу — өтө жеңил. Эгерде товарлар Кара-Сууга эмес, түз эле Баткендин Ак-Сай айылына барса, анда Ак-Сайдан-Ворухка туннель казышмак. Андай шарт жок, ошондуктан логистика, товарлар, кампалар Ош менен Кара-Суунун тегерегинде болгондон кийин ушундай окуяларга туш келип жатабыз».

2021-жылы аткез товарлардан мамлекеттин эсебине 5 млн 559 миң сом айып пул түшсө, 2022-жылдын биринчи кварталында 2 млн 319 миң сом айып пул түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM