Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын жарым коргоочусу Виктор Майер Сингапур менен болгон беттештин мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
8-июнь күнү Бишкекте Азия Кубогунун тандоо турунун F тайпасында биринчи айлампанын беттеши өттү. Анда Кыргызстандын курама командасы 2:1 эсебинде Сингапур командасын жеңип алды.
Жарым коргоочу Виктор Майер бул беттештин мыкты оюнчусу аталды.
Ал мелдештин 63-мүнөтүндө Эрнист Батыркановдун ордуна оюн талаасына чыгып, 76-мүнөттө пенальти, 81-мүнөттө жеңиш голун киргизди.