Биз менен байланышыңыз

Эс алуучу жайлардагы коопсуздук эрежеси кайрадан талкууга түштү

Коом | 8 Июн 2022 | 960 | 0

6-июнда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» аквапаркында болгон окуя коомчулукту катуу дүрбөлөңгө салды. Мындан улам балдардын жайкы каникулу учурунда коопсуздукту күчөтүү маселеси көтөрүлүп, бардык эс алуу жайын тыкыр текшерүү талап кылынды. 

6-июнда Бишкектеги «Ала-Тоо» аквапаркында үчүнчү класстын окуучусу бассейнге чөгүп көз жумду. Баланын апасынын айтымында, ал жакка окуучуларды мектеп уюштуруп алып барган. Ошондой эле аны эки ата-эне жана аквапарктын кызматкерлери көзөмөлдөп турат деп ишендиришкен. Бул окуядан кийин оюн-зоок парктарында көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлуп жатат.

Тазабек Исабеков борбордун Панфилов паркындагы аттракциондордун бирин иштетет. Ал аттракционго келген ар бир баланын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасаларын айтты.

«Бул аттракционго эреже боюнча 7 жаштан жогору балдар отургузулат. Ар бир кирген баланы текшерип киргизебиз. Аттракционду күндө эртең менен жумуш башталардын алдында текшерип чыгабыз. Техникалык коопсуздугун сөзсүз текшеребиз. Ар бир дүйшөмбү күнү капиталдык ремонт жүргүзүлөт. Мамлекет да техникалык жагын, иштөө жагын да тынбай текшерип турат. Күн сайын карап, текшерип турабыз».

Былтыр июль айында Ысык-Көлдүн «Бостери» пансионатында эс алып жүргөн 18 жаштагы уланды аквапаркка суу толтурган түтүк соруп кеткен. Окуя өлүм менен аяктаган.

Мамлекетте сууга түшүүчү жайларда эс алуучулардын коопсуздугу эле эмес, техникалык жактан көзөмөлдөө иштери жүрүп жатат.

Бишкектеги аквапарктардын биринин администратору Айнура Коёналиева жеткинчектерди бассейнге же аттракционго түшүрүүдө ата-энесинин ишеним катынын негизинде уруксат берилерин айтты. Ошондой эле ал коопсуздук чаралары кандай сакталары жөнүндө маалымат берди.

«Ата-энесинин коштоосу жок кичинекей балдарды аквапаркка киргизбейбиз. Ата-энеси менен чогуу кирүүгө уруксат берилет. Бизде 14 жаштан жогору чоң адам деп эсептелет. Ар бир бассейндин айланасын куткаруучулар көзөмөлдөп турат. Биз администрация алардын үстүнөн да көзөмөлдөйбүз. Сууга кантип түшүп жатат? Сууга түшүү эрежелерин сактап жатышабы? Ошонун баарын карап турабыз. Техника жагын караган атайын кызматкерлер бар. Алар да убагында өз жумушун аткарышат. Аквапарк жабылгыча, эс алуучулар кеткенге чейин техникалык коопсуздук көзөмөлдөнөт. Бизде ар кандай аттракциондун түрлөрү бар. Ал жакка жашына карап киргизилет. Жашы жетпесе, андай аттракциондорго ойной алышпайт».

Балдардын жайкы эс алуусу жакында башталат. Демек, коопсуздук маселесин чечүү учурдун талабы. Мындай пикирди депутат Нурланбек Шакиев да парламенттин 8-июндагы жыйынында айтты.

«Балдардын жайкы эс алуу маалында ушундай кырсыктар кайталанбашы үчүн бардык эс алуу жайын тегиз көзөмөлгө алып, көзөмөлдү күчөтүү керек менчигинин түрүнө карабастан. Мындай кырсык болбойт деп эч ким кепил боло албайт».

Көзөмөлдөөчү органдар жашы жете элек балдардын эс алуучу жайларга баруусуна, аттракциондорго түшүшүнө ата-энелер да жоопкерчилик алышы керек деген пикирде.

Бишкек шаарынын тургуну Назира Акулова бүгүн кызы менен Панфилов паркына келген. Ал парктагы аттракциондордун техникалык коопсуздугуна бекем ишенет.

«Мен бүгүн кызым жана анын классташы менен чогуу ойногону келдик. Көптөн бери келип, эс алып кетебиз деп пландаганбыз. Балдарымды отургузгандан коркпойм деле. Кичинекейинен бери эле ушундай жайларда ойнотуп жүргөм. Аттракциондордогу техникалык коопсуздуктун сакталышына толук ишенем. Себеби көптөн бери балдарымды ойнотуп жүрөм».

Ал эми Бишкек мэриясынын Архитектураны жана курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Талантбек Иманакун уулу эс алуучу жайларда орнотулган ар бир аттракциондун техникалык нормалары сөзсүз текшерүүдөн өтөрүн айтты.

«Парктарда турган аттракциондордун бардыгы куралма түрдө келет. Аны ишкерлер алат да курап, иштете беришет. Ал эми мамлекеттик инспекция алардын коопсуздугун, механизми кандай иштейт, эс алуучуларга терс таасирин тийгизбейби, ошолорду карап, ошолор боюнча чараларды көрүшөт. Мамлекет тарабынан пландык текшерүүлөр жүрүп турат. Бул жакта жеке ишкерлерди текшерүү боюнча да өзүнчө мыйзам бар. Ошону Экономика министрлиги менен биргеликте макулдашып, уруксат бергенде гана текшере алабыз».

Башкармалыктын маалыматына ылайык, 2019-жылы шаарда аттракциондор боюнча 500 миңден ашык айып пул салынган. Коюлган талаптарга жооп бербеген оюн-зоок жайларына чара көрүү быйыл да уланат.

Ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кардарларды эс алуу жана сууга түшүү эрежелерин сактоого чакырат.

Copyright © 2017 Maral FM