Биз менен байланышыңыз

«Баламды коркутушкан». Аскерде сабалган Бекзаттын абалы оор

Коом | 8 Июн 2022 | 948 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруу отрядында кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы аскер Бекзат Эсенбеков аёсуз сабалып, ооруканага түштү. Анын абалы оор экенин 8-июнда апасы Алмакан Исмаилова айтты.

Ал баласын кантип сабашканын журналисттерге айтып берди.

— Эс алууга чыккан эле, 26-майда отпускасы бүттү. Менин бутум сынгандыктан көрүп келүү үчүн Таласка барып, үч күн жүрдү. Аскер бөлүмүнө келгенде «Акча алып келген жоксуңбу?» — деп сабап киришиптир. Мен дары-дармегиме керек болуп жатканынан акча берген эмесмин. Жанына 200 сом эле бергем. 26-майдан бери сабай башташыптыр. Төрөбай Жаныбек уулу деген прапорщик: «10 мүнөттүн ичинде 500 бирдик салып коёсуң», — дептир балама. Мен ал кетип жатканда «Көп бирдик салдырып жатасың, жөн эле ден соолук сурашып туралы, акча оңой табылбайт экен», — дедим эле, мейли деп кеткен. Экөөбүз телефондо сүйлөшүп жатканда бирөөлөр келип калды деп, телефонду өчүргөн. Андан кийин байланыша алган жокмун. «Телефон колдонгону үчүн жазалап койбойсуңбу?» — деп чоңу айтса, түнү менен сабашыптыр. Түнкү 12ден эртең мененки саат 9га чейин сабаптыр. «Уктап кетсем, тургузуп сабады, жерге жаткызып сабады», — дейт. Сүйлөшкөн сайын жакшы деп айтчу, мен Кудайга, анан ӨКМге ишенип жүрчүмүн. Дени сак баламды жөнөткөм, азыр өпкөсүнөн суу агып жатат, ага ким жооп берет?

Эненин айтымында, аскерди ооруканада да эч нерсе айтпа деп коркутушкан. Бекзат буга чейин ар кандай шылтоолор менен туугандарына телефонго акча жүктөтүп жүргөн.

20 жаштагы Бекзат Эсенбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруу кызматынын Беловодск айылындагы №86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөйт. Ал 1-июнга караган түнү катуу сабалганын жакындары кабарлашкан.

Түнкү нөөмөттө турган Бекзатты 1997-жылы туулган Төрөбай Жаныбек уулу аттуу прапорщик ур-токмокко алган. 1-июнь күнү пневмония деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылган. Анын кабыргасы, бөйрөгү, өпкөсү жабыркаган. Аскер азыр Бишкек шаардык №4 тез жардам клиникасында (мурдагы травматология жана ортопедия борбору) дарыланууда.

Бул окуяга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү 8-июнда маалымат жыйын өткөрүп, сабалган жоокердин иши министрдин көзөмөлүнө алынганын айтышты.

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чогулган бардык материал Аскер прокуратурасына өткөрүп берилип, аскерди ур-тепкиге алган прапорщик камакка алынды. Мындан аркы иликтөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлөт.

— Келишим менен кызмат кылган прапорщик аскердин табарсыгына тепкен экен. Биз мунун алкагында бардык ишти жүргүзүп, Аскер прокуратурасына жибердик. Буга чейин эле аскер бөлүктөрүндө, куткаруу бөлүмдөрүндө ушундай көрүнүштөр катталгандыктан аскер бөлүмдүн жетекчисин иштен четтеткен болчубуз. Бул ишке тиешеси бар бардык кызматкер иштен убактылуу четтетилди, объективдүү иликтөө жүргүзүлөт. Бизде бардык дары-дармек бар, аскер учурда дарыланып жатат. 

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жоокердин сабалышына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козголуп, Жаныбек Төрөбай уулу аттуу прапорщик камакка алынды.

Аскердик бөлүктүн 6 кызматкери тергөө иштеринин жүрүшүндө ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.

Жоокердин сабалышы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Эмил Токтошев парламент бул окуяны көзөмөлгө алуусун талап кылды.

— Ата-энелер балдарын Мекенди коргоо үчүн жөнөтүп жатса, булар ал жерде ур-токмокко алынып жатат. Душмансыз эле бири-бирин кырып жатышат. Бул эмне деген көрүнүш? Ата-энелер бизге кайрылып, «Балдарыбыз аскерде Мекенди коргойбу же майып болуп келеби?» — деп сурап жатышат. Азыр протоколдук тапшырма берип, бул ишти парламент, Башкы прокуратура көзөмөлгө алсын. Бул эмне деген армия?

Парламенттин дагы бир депутаты Камила Талиева мындай чуулгандуу окуялардын бири Бишкектеги эс алуу жайында окуучунун сууга чөгүп кеткенин эске салып, Министрлер кабинетинин ишин сындады.

— Эки-үч күндөн бери резонанстуу окуялар катталып жатат. «Ала-Тоо» аквапаркында сууга чөгүп, окуучу каза болду. Аскерде сабалган баланын да абалы оор. Өкмөттүн ишине ушинтип эле баа берилет. Сындайсыңар деп таарынышат. Билим берүү министрлигиндеги болуп жаткан алешемдиктерди көрүп жатасыңар. Бул эки маселени тыкыр көзөмөлгө алгыла, XXI кылым зөөкүрлөрдүн заманына айланып жатат. Эртең бүтүрүүчүлөрдүн «Акыркы коңгуроо» иш-чарасы өтөт. Ушундай кырсык болбойт деп ким кепилдик берет?

Катардагы аскердин прапорщик тарабынан ур-токмокко кабылганы ал ооруканада операция болгондо гана аныкталган. Ага чейин баарын жашырып, айтпай келген.

Аскердик кызмат өтөп жүрүп сабалган же жанына кыйган учурлар биринчи жолу катталып жаткан жок. «Коомчулукка ачыкка чыкпай калган учурлар мында да көп болушу мүмкүн» деп кооптонгондор да бар.

Copyright © 2017 Maral FM