Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруу отрядында кызмат өтөп жаткан 20 жаштагы аскер Бекзат Эсенбеков аёсуз сабалып, ооруканага түштү. Анын абалы оор экенин 8-июнда апасы Алмакан Исмаилова айтты.
Ал баласын кантип сабашканын журналисттерге айтып берди.
Эненин айтымында, аскерди ооруканада да эч нерсе айтпа деп коркутушкан. Бекзат буга чейин ар кандай шылтоолор менен туугандарына телефонго акча жүктөтүп жүргөн.
20 жаштагы Бекзат Эсенбеков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын куткаруу кызматынын Беловодск айылындагы №86123 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөйт. Ал 1-июнга караган түнү катуу сабалганын жакындары кабарлашкан.
Түнкү нөөмөттө турган Бекзатты 1997-жылы туулган Төрөбай Жаныбек уулу аттуу прапорщик ур-токмокко алган. 1-июнь күнү пневмония деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылган. Анын кабыргасы, бөйрөгү, өпкөсү жабыркаган. Аскер азыр Бишкек шаардык №4 тез жардам клиникасында (мурдагы травматология жана ортопедия борбору) дарыланууда.
Бул окуяга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү 8-июнда маалымат жыйын өткөрүп, сабалган жоокердин иши министрдин көзөмөлүнө алынганын айтышты.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында чогулган бардык материал Аскер прокуратурасына өткөрүп берилип, аскерди ур-тепкиге алган прапорщик камакка алынды. Мындан аркы иликтөө иштери Аскер прокуратурасы тарабынан жүргүзүлөт.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, жоокердин сабалышына байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин 2-бөлүгү менен иш козголуп, Жаныбек Төрөбай уулу аттуу прапорщик камакка алынды.
Аскердик бөлүктүн 6 кызматкери тергөө иштеринин жүрүшүндө ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди.
Жоокердин сабалышы тууралуу маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Эмил Токтошев парламент бул окуяны көзөмөлгө алуусун талап кылды.
Парламенттин дагы бир депутаты Камила Талиева мындай чуулгандуу окуялардын бири Бишкектеги эс алуу жайында окуучунун сууга чөгүп кеткенин эске салып, Министрлер кабинетинин ишин сындады.
Катардагы аскердин прапорщик тарабынан ур-токмокко кабылганы ал ооруканада операция болгондо гана аныкталган. Ага чейин баарын жашырып, айтпай келген.
Аскердик кызмат өтөп жүрүп сабалган же жанына кыйган учурлар биринчи жолу катталып жаткан жок. «Коомчулукка ачыкка чыкпай калган учурлар мында да көп болушу мүмкүн» деп кооптонгондор да бар.