Антикризистик чаралар кыска мөөнөткө тышкы экономикалык таасирлерди азайтууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынында айтты.
Анын маалыматы боюнча, өлкөнүн 2022-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы туура жүргүзүлгөн акча-кредит жана салык-бюджеттик саясаттын эсебинен болду.
2021-жылдын жыйынтыгы боюнча консолидацияланган бюджет мурунку көрсөткүчтөргө салыштырмалуу дээрлик 30 млрд сомго өстү, алдын ала эсептөөлөр боюнча 312,2 млрд сомду түздү.
2020-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу, консолидацияланган бюджеттин ресурстары 60 млрд сомго көбөйдү, ал эми 2019-жылга салыштырмалуу өсүү 70 млрд сомдон ашык болду.
«2022-жылга консолидацияланган бюджет боюнча 400 млрд сом эсебинде багыт белгиленген. Бул көрсөткүчкө социалдык-экономикалык туруктуулукка жетишүү, импортту алмаштыруу боюнча иштерди күчөтүү, экспорттук потенциалы жогору артыкчылыктуу секторлорду өнүктүрүү, энергетика жана ирригация, жол-транспорт тармагында ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигинде жана Дүйнөлүк соода уюмундагы мүчөлүгүн активдүү пайдалануу аркылуу гана жетишүүгө болот. Ишкерлик үчүн жагымдуу бизнес-шартты түзүү жана бизнести көмүскөдөн чыгарууга багытталган чараларды унутта калтырууга болбойт», — деди Жапаров.
Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңештин жыйынтыгы боюнча, 2022-жылга өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык сценарийи 3,7% деңгээлинде бекитилди.