Connect with us

Сот эксперттери кесиптик майрамын 4-июнда белгилейт

Кыска кабар | 6 Июн 2022 | 253 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Сот эксперттери мындан ары кесиптик майрамын жыл сайын 4-июнда өткөрө турган болду. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 6-июнда кол койду.

Чечим Кыргызстандагы сот эксперттеринин ролун жогорулатуу максатында кабыл алынганы айтылды.

Айта кетсек, Кыргызстанда сот эксперти кесибинин уюшулганына быйыл 59 жыл толот.

Соттук экспертиза сот иштерин адилет жүргүзүүдө маанилүү роль ойнойт. Жарандык, жазык жана административдик иштерди кароонун алкагында тергөөнүн жана соттук процесстин маанилүү элементтеринин бири соттук экспертизаларды жүргүзүү болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM