Эртең, 4-июнда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.
Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондордо жаан нөшөрлөп жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +22…+27,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7…+12, күндүз +14…+19,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +14…+19.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25 градус болот.