Биз менен байланышыңыз

Баткенде билим берүү министрлигинин көчмө жыйыны өтүүдө

Кыска кабар | 24 мая 2022 | 260 | 0

Бүгүн, 24-майда Баткен облусунун Баткен шаарында Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы көчмө жыйыны өтүүдө.

Отурумга Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев баштаган министрликтин өкүлдөрү, облустук билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Жыйында билим берүү жаатындагы актуалдуу маселелер, учурдагы абал жана алдыда аткарыла турган иштер талкууланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM