Биз менен байланышыңыз

XII Евразия экономикалык форуму быйыл Бишкекте өттү

Кыска кабар | 22 мая 2022 | 167 | 0

XII Евразия экономикалык форуму быйыл «Орусия жана дүйнө жаңы чындыктарда: дүйнөлүк экономикалык байланыштардын өзгөрүүсү» аталышында Бишкекте апрелдин аягында  болуп өткөн. Аны Кыргыз экономикалык университети Орусиянын Урал мамлекеттик экономикалык университети менен биргеликте уюштурган.

Форумда белгилүү окумуштуулар, жаш илимпоздор азыркы экономикалык кырдаал, жаңы чакырыктар жана Евразия алкагынын келечеги, кызматташтыгы тууралуу баяндама жасап, ага Орусия, Белоруссия, Азербайжан, Казакстан жана Тажикстандан коноктор катышкан.

Жаштардын XII Евразия экономикалык форуму бир канча тематикага бөлүнгөн. Алсак, экономисттер жана финансисттер Конгрессинде дүйнөлүк жана улуттук каржы маселелери талкууланды. Ал эми инноваторлор Конгрессинде жаштар жаңы долбоорлорун, санарип технология жана санарип бизнес боюнча идеялары менен бөлүштү.

Жыйынтыгында долбоор же илимий макалаларын ийгиликтүү презентация кылган студенттер сыйланды. Анын ичинде кыргызстандык 7 студент биринчиликти багындырышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM