Биз менен байланышыңыз

Кадамжайдагы жол кырсыгынан каза болгондордун сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 22 мая 2022 | 1079 | 0

Бүгүн, 22-майда кечээ Кадамжай районунун Чечме айылындагы «Чечме» өткөрмө бекетинде катталган жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Жерге берүү зыйнатына облустук, райондук жетекчилер катышты. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Облус жетекчилери кырсыктан каза болгондордун жакындарына өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жана облус элинин атынан көңүл айтышты. Ошондой эле аталган кырсыктан жабыркаган жарандардан да кабар алышып, алардын сакайып кетүүсүн каалашты.

Белгилей кетсек, 21-май күнү саат 16:00 чамасында, Кадамжай районунун Айдаркен шаары тараптан Чечме айылын көздөй бара жаткан оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калып, «Чечме-автожол» өткөрүү жайын жана ал аркылуу Мамлекеттик чек арадан өтүп жаткан жарандарды, унааларды жана Өзбекстандын постунда токтоп турган грейдер оор автоунаасын сүзүп токтогон.

Орун алган окуянын натыйжасында, бир канча унаалар ошондой эле жарандар жабыркап, 8 жаран каза болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM