Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте «Мээримдүү тыйын» акциясы өтөт

Кыска кабар | 22 мая 2022 | 374 | 0

Бүгүн, 22 -май саат 14:00дө Бишкектеги Dordoi-City соода борборунда «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Мээримдүү тыйын» акциясын өткөрөт. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Иш-чаранын максаты операцияга муктаж болгон (фонддо каттоодо турган) жаш өспүрүмдөргө каражат топтоо, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн санын азайтуу, оорулууларга, майыптарга материалдык, моралдык жардам көрсөтүп, экономикалык жана социалдык кризистик абалдан чыгаруу болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз эстрада жылдыздарынын коштоосундагы шоу программа тартууланат. Ошондой эле, белектерди ойнотуу, балдар үчүн ар кандай оюн-зооктор да каралган.

Бул акция 2015-жылдан бери жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында өткөрүлүп келет. Жыл сайын бул чоң иш-чарада 250 миң сомдун ашуун акча жыйналып, фонддун каттоосунда турган, негизинен жүрөк ооруу операцияларына, даарыланууга жумшалат. Акциянын жүрүшүндө Кыргызстан боюнча 80 ден ашуун баланын өмүрү сакталды.

«Мээримдүү тыйын» акциясы Бириккен Улуттар уюму тарабынан жогорку деңгээлде бааланып, БУУнун «Түндүк-Түштүк» программасынын негизинде башка мамлекеттерге үлгү катары сунушталган.

Аталган акциядан 2015-жылдан 2022-жылдар аралыгында жалпы 3 млн 637 миң 271 сом чогулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM