Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, бүгүн кечинде күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 20-25 метрге жеткен, батыштан соккон катуу шамал жүрүшү күтүлөт.