Биз менен байланышыңыз

Судья жана прокурордун орун басары пара менен кармалды

Кыска кабар | 20 мая 2022 | 188 | 0

Башкы прокуратура тарабынан Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясы А.А. жана райондук прокурордун орун басары О.Ж. 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жумгал районунун судьясы А.А. райондук прокурордун орун басары менен бирге Х.Д. аттуу жарандан «ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу жана коротуу» беренеси менен айыпталган жакын тууганына карата сотто ишти кыскартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн 50 миң сом өлчөмүндө пара талап кылышкан.

Прокурордун орун басары убактылуу кармоо жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM