Биз менен байланышыңыз

Саламаттыкты сактоо министрин колдогон митинг өтүүдө

Кыска кабар | 17 мая 2022 | 1833 | 0

Бишкекте Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди колдогон митинг өтүп жатат. Чогулгандар министрдин жүргүзүп жаткан реформалары туура багытта бара жатканын, бирок коррупция менен күрөшкөндөр куугунтукка алынып жатканын айтышты.

16-майда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана айрым башкармалыктардын жетекчилери министрдин кызматтан кетишин талап кылып, маалымат жыйын өткөрүшкөн.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине эки жолу суракка чакырылган. Ал өзүнө карата кысым болуп жатканын билдирген.

Маалыматтарга караганда министр Германияда иш сапары менен жүрөт.

Copyright © 2017 Maral FM