Эртең, 30-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт, тоолуу райондорго кар түшөт.
Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,
Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21.
Бишкек шаарында 30-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +26…+28.