Connect with us

Кулубаев: Түркия Тажикстанга «Байрактар» сатканы тууралуу маалымат такталууда

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 1181 | 0

Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги карады.

Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо Жээнбек Кулубаевден «Түркия Тажикстанга «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттарын жибергени чынбы?» — деп сурады.

Кулубаев бул боюнча кабардар экенин жана тиешелүү органдарга маалыматты иликтөө тапшырмасы берилгенин билдирди.

«Биз да бул маалыматты алдык. Элчиге жана башка органдарга маалыматтарды изилдеп чыгууну тапшырдык. Бирок биз буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы көйгөй чечиле электигин айтып, коңшу өлкөгө аскерий техника бербөөнү суранганбыз. Бирок, алар бул бизнес экенине токтолуп, аскердик-техникалык кызматташтык өсө берерин айтышкан», — деди ал.

Эл өкүлү: «Демек, бул чынбы же маалыматыңыз жокпу?» — деп кайталап сурады.

Кулубаев: «Азырынча бул чындык. Бирок биз «Байрактар» ​​канчадан жана канчага сатып алынганын тактап жатабыз», — деген жооп кайтарды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM