Connect with us

Министрдин шаштысын алган — «паспорт мафиясы»

Саясат | 26 Апр 2022 | 1219 | 0

Төрт ай мурда кызматка келген санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов 25-апрелде атайын кайрылуу жасап, учурда тамырлашып кеткен «паспорт мафиясы» менен күрөшүп жатканын, Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) департаментине чукул реформа керек экенин билдирди. Паспорт алуудагы көйгөйлөр жыл сайын көтөрүлүп, бирок ар качан көз жаздымда калып кете берет. 2020-2021-жылдары паспорттун кечигиши боюнча чуу жаралган. Мамлекеттик каттоо кызматы пандемияга байланыштуу паспорттун бланкаларын алуу кыйынчылык жаратып жатканын жүйө келтиришкен. Ошол эле учурда жасалма паспорт маселеси да байма-бай көтөрүлүп келет. Кыргызстандын паспортун жасатып алып, колдонуп жүргөн чет элдиктер да бир нече ирет кармалган. Өлкөдөгү «паспорт мафиясына» алдыда кененирээк токтолобуз.

25-апрелде санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов өлкөдө «паспорт мафиясы» тамыр жайып кеткендиктен, учурда аны менен күрөшүп жатканын жана аягына чейин күрөшө турганын айтып, «Фейсбук» баракчасына видеокайрылуу жасады.

Анын айтымында, өзү жетектеген министрликте көптөгөн көйгөй бар. Алардын эң эле орчундуусу, тез арада жоюу зарыл болгону — «паспорт мафиясы».

«Бул кызматка келгендеги эң биринчи тушукканым калкты каттоо бөлүмдөрүндөгү «паспорт мафиясы» болду. Ал абдан жакшы уюштурулган, 24 саат тынымсыз иштеп жатат, тамырын терең жайып алган. «Паспорт мафиясы» мамлекетке милллиарддаган сом зыян келтирет. Андыктан бул тармакты кайра карап чыгып, катаал текшерүү керек. Андан тышкары өлкөдө жасалма паспорт миңдеп чыгып жатат, бул улуттук коопсуздукка чоң коркунуч жаратат».

Санариптик өнүктүрүү министрлиги 2021-жылы түзүлүп, ага Мамлекеттик санариптик өнүктүрүү кызматы менен Мамлекеттик каттоо кызматы бириктирилген. Жарандарды керектүү документтер менен камсыздаган Мамлекеттик каттоо кызматы бийликтин оптималдаштыруу реформасынын биринчи этабында Юстиция министрлигинин карамагына кошулуп, кийин аз убакыт өткөн соң Санариптик министрлигине өткөн. Мамлекеттик каттоо кызматы Өкмөттүн 2009-жылдын 17-ноябрындагы №708 токтому менен түзүлгөн.

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков Кыргызстанда «паспорт мафиясы» өлкө эгемендикти алып, өзү паспорт жасай баштагандан эле бар экенин, бүгүнкү күнгө чейин уланып келерин айтат. Ал 1995-1996-жылкы үлгүдөгү паспорттун 100 миңден ашыгы ошол убакта эле жоголуп, ал иштер аягына чейин териштирилбей, көп маселе каралбай калганын билдирди.

«Мына ошол паспортту алгандарга кийин жаңы паспортко алмаштырганга шарттар түзүлүп калган. Кылмышкерлер эле эмес, эл аралык террористер, «мыйзамдагы уурулар», чет өлкөдө издөөдө жүргөндөр да алышкан. Ооганстанда жүргөн «Ал-Каида», Өзбекстандын «Өзбекстан ислам кыймылы» деген чоң террордук уюмунун башчыларына чейин Кыргызстандын паспортун алып кетишкен. Бул мамлекет үчүн чоң кылмыш болуп эсептелет. Акыркы убакта жаңы паспорттун үлгүсү менен Түркияда 47 жаран кармалып, алардын паспорту жасалма болгону аныкталган. Кийин ал иш кандай бүттү, ошол бойдон маалымат жок. Бирок паспорт системасындагы ушундай көптөгөн көйгөйлөр аягына чейин чечиле элек. Экинчиден, паспорттор толугу менен Кыргызстанда даярдалбай, башка жактан даярдалып келген учурлар да көп болгон. Үчүнчүдөн, чынын айтуу керек, паспорт жана башка документтерди чыгарууда кызматкерлер кыянаттык кылып, чакан коррупциялык системаларды түзүп алып, иштеген учурлар да кездешип келет. Эми аларга сокку уруу үчүн министрдин өзүнөн баштап, толугу менен реформа жана тазалануу кылышы керек. Ошондой эле укук коргоо кызматы толугу менен текшерүүлөрдү жүргүзүшү керек. Мындан сырткары жаш, таза, кесипкөй кызматкерлерди жумушка алышы керек».

Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков авторитардык өлкөдө социалдык коргоо жоктугуна байланыштуу ар  бир жаран кызматтык абалынан пайдаланып, жокчулук маселесин чечкенге аракет кыла турганын билдирди. Анын оюнда, мындай иштер чыныгы реформанын жоктугунан кабар берет.

«Негизги маселе, экономикалык өнүгүү маселеси чечилген эмес, ошондуктан ар бир жаран эптеп оокатын жүргүзүү үчүн коррупциялык жол менен, мыйзам  бузуу жолу менен аракет кылып жатат. Кыргызстанда эч кандай «паспорт мафиясы» жок. Бул — чыныгы реформанын жоктугу. Мамлекеттик бийликтин ачык эместиги, журналисттер барып, маалымат сураса беришпейт. Паспорт берүү маселесин толугу менен жөнөкөйлөтүп, ачык кылышкан эмес. Мындай жабык болгон жерде коррупция, мыйзамсыз паспорт берүү күчөйт. Анан аны жанагыдай мафияга шылтайт. Ар бир келген министр реформа кылып жатабыз деп өз-өзүнчө айта беришет». 

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрагасы Акын Мамбеталиев паспорт берүүдө бардык система автоматташтырылып, биометрикалык маалымат талап кылынгандыктан, бир адам башка адамдын ордуна жасалма паспорт алышы мүмкүн эместигин белгилейт.

«Азыр паспорт алуу үчүн, жадагалса каттоого туруу үчүн да ар бир адам өзү келиши керек, манжаларын коюп, чын эле өзү экенин далилдеши керек. Бир киши башка кишинин ордуна паспорт ала албайт. Анан кайсы мафияны айтып жатат, мен анысын билбейм. Паспортко келгенде АИ-паспорт деген система бар, ага АИ ЗАГС деген система аркылуу кирип, жеке идентификациялык номерди толтурат, анан манжаларынын изи алынып, базага киргизилет, андан кийин гана персонификация борборуна текшерүүгө жиберилип, чыгарылат. Анан кандайча мафия болуп, кантип иштеп жатканын билбейт экем. Калкты тейлөө борбору жок жерлерде, аймактарда да маалыматтык системалар бар. Ал жакка кирип катталышат. Борбордук зонага маалымат түшүп, ал жактан текшерилип, анан кетет». 

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков бул маселени айтып эле койбостон, катуу туруп тыянак чыгаруу керек деген оюн билдирди.

«Эми «чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле» дейт. Ошол мафия бар экенин бизде билишсе керек деген ойдомун. «Андай болот эле, мындай болот эле» эмес, болор иш болду, эми тыянак чыгаруу керек. Чындыгында «тыяк-быяктан куулгандын баары Кыргызстандын паспортун алып кайра кирип, ошондон өлкөнүн репутациясына зыян келип жатат» деген чоң маалымат бар. Муну жакшы кабыл алып, туура чечим чыгарып, өтө катуу туруп коюу керек. Ошол эле маселе».

Эске салсак, өткөн жылы Кыргызстандын паспорту ишенимдүүлүк индекси боюнча эл аралык рейтингде 107 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеген. Анда кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алары жазылган. Ал эми Жапониянын паспорту дүйнө боюнча «күчтүү» паспорт деп таанылган. Күн Чыгыш өлкөсүнүн жарандары визасыз эле 191 өлкөгө кире алат. Эң алсыз паспорт Ооганстанга таандык экени белгилүү болгон. Бул өлкөнүн жарандары 26 мамлекетке гана визасы жок бара алат.

Copyright © 2017 Maral FM