Кыргызгидромет борборунан билдиришкендей, 26-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустанынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаап жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,
Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 20…27,
Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 19…21°.