Connect with us

«Медициналык окуу жайлар талаптарды аткарбаса, ишин токтотот»

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Апр 2022 | 360 | 0

Билим берүү жана илим министри медициналык окуу жайларга 15-июнга чейин бир нече талаптарды жана тапшырмаларды аткарууга убакыт берди. Бул тууралуу министрдин орун басары Расул Абазбек уулу «Маралдын» эфиринде билдирди.

Медициналык окуу жайларды эл аралык аккредитациядан өткөрүү жана Саламаттыкты сактоо министрлиги бере турган №6 форманы тууралап коюу же жаңылоо милдеттендирилди.

«Медициналык окуу жайлар көп болгондуктан мугалимдер да көп жерде сабак беришет. Бирок максимум 1,75 ставка менен иштөөнү талап кылып жатабыз. Муну да биз текшеребиз. Мындан сырткары мугалимдер чет өлкөлүк студенттерди окутуп жаткандарына байланыштуу англис тилиндеги методологиялык, методикалык программаны жана мугалимдер англис тилинде канчалык сүйлөй аларын документтер менен тастыктап берүүсүн талап кылып жатабыз», — деди ал.

Эгерде коюлган шарттар аткарылбаса, анда ошол медициналык окуу жайдын быйылкы жаңы окуу жылында студенттерди кабыл алуусуна уруксат берилбейт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM