Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы суткага карата Бишкектен жети адамдын коронавирус инфекциясын жугузуп алганы аныкталганын маалымдады.
Ал эми COVID-19 илдетине чалдыккан 3 бейтап ооруканада, 18 бейтап үйүндө дарыланып жатат.
Пандемия башталгандан бери өлкө боюнча 200 миң 990 адам коронавирус жугузуп алган. Алардын ичинен 196 миң 386 бейтап айыгып чыгып, 2 миң 991 адам каза тапкан.