Connect with us

Жээнбек Кулубаев Тышкы иштер министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Кыска кабар | 23 Апр 2022 | 270 | 0

Бүгүн, 23-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Арзыбек Кожошев Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратына министрдин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевди тааныштырды.

Арзыбек Кожошев министрликтин тышкы саясаттагы ролун күчөтүү, өлкөнүн кызыкчылыгын эл аралык аренада коргоо маанилүү милдет экенин белгилеп, жаңы жетекчинин ишине ийгилик каалады.

Айта кетсек, мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өлкө башчысы Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан алынып, ордуна буга чейин Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеген Жээнбек Кулубаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы 5-апрелде Ысык-Көл районунун Чырпыкты айылында туулган. Москва аскердик институтун, Кытайдын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык институтту аяктаган. Адистиги: чыгыш таануучу. Кыргыз, кытай, англис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Буга чейин Тышкы иштер министрлигинде, элчиликтерде, Президенттин администрациясында эмгектенип келген. Кыргызстандын Кытайдагы, Монголиядагы, Сингапурдагы, Малайзиядагы элчиси кызматтарын аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM