Чүй облусундагы Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
УКМК кызматкерлери райондук билим берүү бөлүмүн каржылык-чарбалык иштердин туура жүргүзүлүшү, мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугу боюнча текшерген. А бирок башкы бухгалтердин орун басары текшерүүнү токтотуу үчүн пара сунуштаган.
21-апрелде атайын операция уюштурулуп, эсепчи УКМК кызматкерине 20 миң сом пара берип жатканда кармалды.
Учурда тергөө жүрүп жатат.