Кыргызстанда 23-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, илдеттен 5 бейтап айыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 376 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.