Бишкек шаарындагы жети көчөнүн тротуарын оңдоо иштери пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштери төмөнкү көчөлөрдө жүргүзүлөт:
- Жибек-Жолу проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү (эки тарабы тең);
- Чүй проспектисинин Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
- Киев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү;
- Абдрахманов (Байтик Баатыр көчөсү) көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
- Манас /Ч.Айтматов проспектисинин Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Жаш Гвардия бульварынын Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү;
- Ахунбаев көчөсүнүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн Чынгыз Айтматов проспектине чейинки бөлүгү.