Connect with us

Нарында 7-марттан бери изделип жаткан баланын сөөгү табылды

Кыска кабар | 22 Апр 2022 | 5509 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кечээ, 21-апрелде саат 19:50 чамасында Нарын дарыясынын Эмгек-Талаа айылы тушундагы сайроондо жаш баланын сөөгү калкып калганы тууралуу кабар келген.

Жерине төрт куткаруучу барып, сөөктү суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал ушул жылдын 7-мартында Орто-Нура айылынан жоголду делип изделип жаткан бала экенин туугандары тааныган.

Айта кетсек, 7-мартта Нарын районунун Орто-Нура айылынан 8 жашар Т. Т. аттуу бала теңтуштары менен муз тээп ойноп жатып, Нарын дарыясына түшүп кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери, баланын туугандары, айылдаштары күн сайын издеп, таппай келишкен.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM