Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде грек-рим күрөшүнөн 72 кг салмакта Адилхан Нурланбеков коло медаль тагынды.
Адилхан Нурланбеков биринчи беттешинде эле Ирандын балбаны Мохаммад Реза Мохтариге 0:9 эсебинде алдырып жиберген. А бирок ирандык балбан финалга өткөндүктөн, Нурланбеков коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Үчүнчү орунга болгон беттеште Кыргызстандын балбаны Өзбекстандын балбаны Мирзобек Рахматов бет келип, эсеп 3:3 тең чыгуу менен аяктады. Калыстар акыркы аракетти жасаганы үчүн жеңишти Адилхан Нурланбековго ыйгарышты.
Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 3 алтын, 2 коло медаль бар.