Connect with us

Журналист Болот Темировго дагы үч кылмыш иш козголду

Кыска кабар | 20 Апр 2022 | 674 | 0

Иликтөөчү журналист, Temirov Live каналынын негиздөөчүсү Болот Темиров өзүнө карата дагы үч кылмыш козголгонун билдирди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Темиров өзүнө карата кылмыш иштери козголуп жатканын кесибине байланыштырат.

«Бийлик тараптан мага жана биздин командага кандай кысым жасалып жатканын билесиңерби? Январь айында Ташиевдердин үй-бүлөсүнүн бизнесин иликтеп чыккандан кийин кандай шоу уюштурушту. Биздин бизнесибизди талкалоо үчүн баарын кылышты. Бардык жабдыктарды алып кетишти, кеңсенин ичин талкалашты, соцтармактардагы фейк аккаунттар аркылуу жийиркеничтүү видеолор менен куугунтукташты, бирок сынган жокпуз. Биз коррупциянын, тууганчылыктын жана башкалардын бетин ачууну улантабыз. Кечээ Ташиевдерге байланыштуу жана мамлекеттик тендерлердеги алгачкы жеңиштери боюнча иликтөөнү жарыялаганбыз», — деди журналист.

Болот Темиров Бишкек шаардык милициясына суракка чакырылганын айтты.

18-апрелде Temirov LIVE каналы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулунун компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы тууралуу иликтөө жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM