Азыркы тапта жер семирткичтердин баасы кымбат болгондуктан, бардык дыйканга жеткиликтүү эмес. Мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев «Маралдын» эфиринде жер семирткичтерге атаандаш булак бар экенин маалымдап, быйыл дыйкандар эмнелерге даяр болушу керектигин айтып берди.
Жер семиркичтердин ордун баса турган материал – койдун жүнү. Бул дүйнөлүк тажрыйбада колдонулат. Европадагы дыйкандар бир кг жүндү 10 еврого сатып алышат.
«Бир кг жүндү Европадагы дыйкандар миң сомго сатып алышарын элестете бергиле. Биз болсо жүндү өрттөп, ыргытып жатпайбызбы. Бир кг жүндө 100 грамм азот, 50 грамм калий, 18 грамм күкүрт, 760 грамм органикалык зат бар. Бул өтө кымбат органикалык жер семирткич болуп эсептелет. Мен өзүм бадыраң, помидорду ошол айтып жаткан жүн менен өстүргөм, кадимкидей эле эффект болот, көрөсүңөр го. Башка өлкөлөрдө нымдуулукту сактоо үчүн атайын кымбат баалуу гель салып коюшат. Биздин дыйкандар уруктардын астына жүндү салып койсо, бир сугарып алгандан кийин сууну көбүрөөк сактап бергенге шарт түзүлөт. Ал «памперс» сыяктуу нымдуулукту көпкө сактап тура берет», — деди ал.
Мындан сырткары дыйкандар үчүн скважиналарды лицензиясыз берүү зарылчылыгына токтолду.
«Эгерде дыйкандарга лицензиясыз скважиналарды колдонууга уруксат берилсе, элестеткиле, канчалаган жерди дыйкандар өздөрү скважина жасап, ошол сууну пайдаланганга мүмкүнчүлүк түзүлмөк», — деди ал.