Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 19-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында маал-маалы менен жаан жаайт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19 күндүз +23…+28;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;
Нарындын түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+13, күндүз +22…+24 градус болот.