Марал Радиосу

19-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 19-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Баткен, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында маал-маалы менен жаан жаайт.  Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26;

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19 күндүз +23…+28;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25;

Нарындын түнкүсүн +4…+9, күндүз +20…+25;

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+13, күндүз +22…+24 градус болот.

 

Exit mobile version