Бүгүн Бишкек шаарындагы Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында чек арадагы акыркы окуяларга байланыштуу Эмомали Рахмонго каршы митинг өттү. Митингге чыккандар чек ара такталып, маселе чечилүүсүн, чек арага жакын аймактарда коопсуздук орнотулушун, Рахмондун бийликтен кетүүсүн талап кылышты. Ошондой эле алар кыргыз бийлигин да кол салууларга убагында реакция кылып, маселени чечүүнүн бир канча инструменттерин колдонууга чакырышты. Темага кененирээк алдыда токтолобуз.
14-апрелде Бишкек шаарындагы Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 20дай жарандык активист акыркы чек арадагы окуяларга байланыштуу Эмомали Рахмонго каршы митинг өткөрүштү.
Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 12-апрелде Лейлек районунун Достук айылында орун алып, тажикстандык чек арачылар Кыргызстан тарапка ок чыгарып, 30 мүнөттөй атышып турушкан. Андан Чек ара кызматынын 2 аскери жарадар болгон.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжал 27-январда Баткен районундагы Төрт-Көчө тилкесинде орун алып, 14 аскер жаракат алган. Жаңжалдын келип чыгуусуна Тажикстандын жарандары Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин бууп салышканы себеп болгон.
Миттингди уюштуруучулардын бири Айбек Турдалы чек ара маселелери баскынчылык жол менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин белгилеп, митингдин негизги максатын мындайча түшүндүрдү:
«Чек ара аймактарын эч убакта коңшу мамлекеттер менен чырлашып чечүү мүмкүн эмес. Андыктан сүйлөшүү жолу менен маселени чечип, чекит коюу керек. Эмомали Рахмон өзүнүн бийлигин сактап калуу үчүн жана ички маселелерин чечүү үчүн Орусиянын президенти Путиндин жолун жолдоп, Баткендин аймагын басып алуу аракетин жүргүзүп жатат. Эгерде бул жолго бара турган болсо, Рахмон жана тажик элинин жаңылыштыгы болот. Биз үчүн тынчтык керек, өзгөчө Рамазан айында. Урматтуу тажик эли, бийлигиңерге айткыла, мындай баскынчылык менен маселе чечүү мүмкүн эмес. Кыргыз-өзбек чек арасы сүйлөшүү жолу менен кантип чечилсе, кыргыз-тажик чек арасы да ошондой эле жол менен чечилиши керек».
Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Тажикстандын президентине кайрылып, чек арадагы талаш жерлер боюнча маселени курал колдонбой чечүүчү жолдору бар экенин айтып, анын аракетин аскердик кылмыш катары баалады.
«Кылымдардан бери коңшу болуп жашап келген Тажикстандын президентин «агрессорсуң» деп айтам. Баткенге келип кол салуу сиз үчүн адатка айланып калды. Бул эмне оюнчукпу? Бул сиздин саясий деңгээлиңизди, саясатчы жана адам катары да эч нерсеге татыбай турганыңызды билдирет. Эмне үчүн Улуу Рамазан айында куралдуу аскерлериңизди алып келип, жай жашап жаткан тургундарга ок аттырып, кылмыш жасайсыз? Бул — ачык эле аскердик кылмыш. Талашка түшкөн жерлерди чечүүнүн өзүнүн жолдору бар да. Сөзсүз түрдө эле курал колдонуу керекпи? Бул аскердик кылмыш болуп эсептелет».
13-апрелде Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чырга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына митингге чыгып, ал уюмдар деле формалдуу отчёт үчүн иштей турганын айтып сындаган.
Митингге катышкан Баткен облусунун тургуну Амир Исмаилов чек арадагы абал туруктуу эмес экенин белгилеп, абал качан гана чек аралар такталганда туруктуу боло турганын айтты.
«Баткендин кулуну катары айтам, бул кечээ гана болгон жок, бул 30 жылдан бери кайталанып келе жатат. Муну чек ара чыры деп айтууга болбойт. Себеби Тажикстандын армиясы карапайым калкка кол салып жатат. Былтыр 36 жараныбыз каза болду, муну аскердик кылмыш деп атоо керек. Биздин чоңдор менен алардын чоңдору жолугушуп, абал туруктуу деп, баарыбызды тынчтантат. Негизи ал жерде абал туруктуу эмес. Бул маселеге чекит коюлушу керек. Абал качан туруктуу болот? Абал качан гана чек аралар такталганда туруктуу болот».
Чек ара маселесинде улуттук кызыкчылыкты коргоо үчүн бардык эл аралык инструменттерди колдонуу керектигин көз карандысыз серепчи Руслан Акматбек белгиледи.
«Бир нерсени унутпоо керек, биз толук кандуу эгемен өлкөбүз. Биздин өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз бар. Биз Тажикстан менен бир чөлкөмдө ырааттуу, тынч жашоого кызыкдарбыз. Биздин тажик эли менен чатагыбыз жок. Тажикстан элинин да биз менен чатагы жок. Коңшу өлкө болгондон кийин базарыбыз да, мазарыбыз да бир. Алардын ал жердеги каалаганы чек арага жакын жашаган элди башка аймактарга көчүп кетүүгө мажбур кылуу болуп жатат. Ошол эле учурда биз бул маселени көтөрбөшүбүз керек дегенди токтотушубуз керек. Мен такыр түшүнбөйм, эмне үчүн бул маселени ЖККУда, ШКУда, КМШнын аянтчаларында көтөрбөйбүз? Быйыл да окуя кайра кайталанып жатат, бир жыл өтсө да, эч нерсе өзгөргөн жок. Эгерде жогоруда санап өткөн аянтчаларда көтөрө албай турган болсок, анда башка эл аралык аянтчаларда көтөрүшүбүз керек. Биз ачык айтып, «агрессордун» жүзүн дүйнөгө көрсөтүшүбүз керек. Кийин кеч болуп калат».
Мындан сырткары ал жарандык коом менен бийлик бул маселелерди чечүүдө чогуу аракет кылышы керектигин белгиледи.
Митингге чыккандар кыргыз-тажик чек арасы жакын арада чечилишин бийликтен талап кылышып, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун көзөмөлгө алууга чакырышты. Саат 12:00дө башталган тынч митинг саат 12:50дө аяктады.