13-апрелде түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ош, Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт. Баткен, Талас, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25;
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +16…+21;
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20;
Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +20…+22 градус болот.