Connect with us

«Кыргыз темир жолу»ишканасы: Жаңы жетекчинин башкаруусундагы сегиз ай

Коом , Саясат | 12 Апр 2022 | 706 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Темир жол жана автомобиль транспорту жөнүндө» мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Анда депутаттар негизинен «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын аткарып жаткан иштери, коррупция жана бул багыттагы негизи маселелерди көтөрүштү. Темага алдыда кененирээк токтолобуз. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар өлкөдөгү темир жол транспортунун абалы, учурдагы көйгөйлөр жана бул тармакты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.

Депутат Улукбек Ормонов эл аралык жүргүнчү жана жүк ташуучу поезд каттамдарын калыбына келтирүү маселесин көтөрдү.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев Бишкек шаарынан Орусиянын Москва шаарына темир жол каттамы 2023-жылга чейин ачылбай турганын билдирди. Ал эми Орусиянын башка шаарларына түз темир жол каттамдарын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Ал эми Бишкектен Новосибирск, Самара жана Казань шаарына чейин түз поезд менен бара алышат. Новосибирск Орусиянын чоң шаарларынын катарында 3-орунду ээлейт. Эң ири темир жол байланышы бар шаар болуп эсептелет. Мындан тышкары Новосибирск шаарында эң ири кыргыз диаспорасы бар. Ошондой эле шаарда Сибирь аймагын кийим-кече менен камсыз кылган эң чоң кыргыз базары бар. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен 5-апрелде «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги «Орусия темир жолу» ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аталган поезд каттамын ачышкан».

Жыйында депутаттар «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өлкөдөгү эң коррупция малынган ишкана экенин белгилешип, өткөн жылда алынган 1.5 млрд сом кирешенин кайдан түшкөнүнө кызыгышты.

Азамат Сакиев анын негизги бөлүгү жүк ташуудан түшкөнүн маалымдады.

«Темир жол менен жарандарды ташуу эч качан кирешелүү болбойт. Жыл сайын 300-400 млн сом жарандарды ташууда чыгаша болуп келген. 2020-жылдан азыркы убакка чейин эл аралык каттамдар токтоп тургандыктан, аталган сумманы да кирешенин бир бөлүгү катары айтсак болот. Ошондой эле биз азыр бардык станцияга ККМ машиналарын орноттук, аны менен коррупциялык тобокелчиликтер азайды. Жүктүн келүүсү жыл сайын 50 миңден 100 миң тоннага чейин көбөйөт. Эң негизгиси, учурда коррупциялык схемалар жок. Мурда коррупциялык схемадан улам жүктөр катталбай келген».

Депутат Гүлшаркан Култаева «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну ишке ашырууга реалдуу кадамдар жасалышы керектигин белгиледи.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча азыркы күнгө карата кандай маалымат бере аласыздар? Жолду куруу боюнча кандай иштер аткарылып жатат? Бул долбоор бүгүнкү күндө эң керектүү долбоор болуп турат. Себеби соода-сатык жүргүзүүдө Кыргызстан ЕАЭБге кошулганы менен күндөн күнгө ал жакка товарлардын өтүүсү кыйындап жатат. Ар түрдүү текшерүүлөр болуп, соода жүгүртүү жакшы болуп кеткен жок. Ошондуктан темир жол өтө актуалдуу болуп турат. Кандай болгон күндө да «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу бүтсө, андан ары Түркмөнстан, Иран, андан ары Араб Эмираттарына чейин чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк. Ошондуктан мен бул эң актуалдуу деп ойлойм».

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Таабалды Тиллаев «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушу боюнча буларга токтолду:

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жаатта президент Садыр Жапаровдун кечээ эле сүйлөшүүсү болду. Учурда темир жолдун марштутун так аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле ким курат, кандай аралыкта курат жана баасы боюнча бир топ сүйлөшүүлөр болуп жатат. Ошондой эле темир жолдун колеясы (өлчөмү) боюнча маселе бар, ал үчүн биз коңшу өлкөлөр менен макулдашышыбыз керек. Мен ойлойм, бул жолду ачуу керек».

Ал эми депутат Элдар Сулайманов «Балыкчы — Кочкор» темир жолу кайсы акчага курулуп жатканына кызыкты. Азамат Сакиев «Балыкчы — Кочкор» темир жолун 3 жылдын ичинде куруу пландалып жатканын,1 километр жолду куруу бүгүнкү күндө 1 млн 800 доллардан айланарын айтты.

«Башка өлкөлөрдө темир жол куруунун 1 километри 4,5-5 млн доллар. Арзан жасагандардын ичинен Монголияда 2,5 млн доллар болчу. Бирок алар аскерде кызмат өтөгөндөрдү иштетишкен. Бизде андай жок, баары Эмгек кодексинин негизинде айлык менен иштейт. Биздики азыр өтө арзан чыгып жатат. Толугу менен бюджеттен акча албай, өзүбүздүн каражатка салып жатабыз», — деди Сакиев.

Ошондой эле ал быйыл аталган жолдун 5 чарчы метрин куруп бүтүрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, 31-мартта «Балыкчы — Кочкор» темир жолунун курулушу расмий түрдө башталган. Кыргызстан биринчи жолу өз күчү менен темир жол сала баштады. 2030-жылга чейин толук бүткөрүлүшү пландалып жаткан «Балыкчы — Кочкор — Кара-Кече» темир жолунун жалпы узундугу 186 километрди түзөт. Алгачкы этабында узундугу 63 километр болгон «Балыкчы — Кочкор» темир жолу салынат.

Copyright © 2017 Maral FM