Биз менен байланышыңыз

Күндүн табы 23 градуска чейин көтөрүлөт

Кыска кабар | 31 Мар 2022 | 238 | 0

Эртең, 1-апрелде өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…+5, күндүз +16…+21;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23;

Ысык-Көл, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +10…+15;

Бишкекте күн ачык болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +20…+22 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM